Австралия Израилге чакырык салды

Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2185443
Австралия Израилге чакырык салды

Австралия Израилди Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алууга чакырды.

Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Газада ок атышпоого «шашылыш» муктаждык бар экенин белгилеген Вонг, Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катц менен өткөргөн жолугушуусунда БУУнун Коопсуздук Кеңеши колдогон ок атышпоо чечимин кабыл алуу чакырыктарын кайталаганын айтты.

Батыш Шериада күчөгөн зомбулукка жана ашкере оңчул израилдик министрлердин «чагымчыл» аракеттерине тынчсызданганын баса белгилеген Вонг, бул абалдын туруктуу тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгүн да алсыратканын билдирди.

Вонг Палестина жерлерин басып алган израилдиктерге Австралияга саякат визасын бербей тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар