Жаңы Делиде фейерверкке тыюу салынды
Дели штатынын айлана-чөйрөнү коргоо министри Гопал Рай темага байланыштуу билдирүү жасады.
Дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын бири Индиянын борбору Нью-Делиде фейерверк чыгарууга, сатууга жана колдонууга тыюу салынды.
«Hindustan Times» гезитинин билдирүүсүнө караганда, Дели штатынын айлана-чөйрөнү коргоо министри Гопал Рай темага байланыштуу билдирүү жасады.
Рай, борбор калаада абанын булганышын көзөмөлдөө максатында 2025-жылдын 1-январына чейин фейерверктердин бардык түрлөрүн өндүрүү, сатуу жана колдонууга тыюу салынганын жарыялады.
Тыюунун так аткарылышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү бөлүмдөрдүн биргелешип иш алып барарын билдирген Рай: «Булганууну көзөмөлдөө үчүн баарыбыз биргелешип жоопкерчиликти алышыбыз керек. Эгерде Делинин ар бир тургуну булганууга каршы күрөшүүчү болуп, айлана-чөйрөнү коргоого жетекчилик кылса, биз адамдарды булгануунун коркунучунан сактап кала алабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Израилдин Бейрутка жаңы аба чабуулу
Бейруттун Дахие району дагы бир жолу израилдик абадан сокку урууга учурады.