Вархели Түркия менен карым-катнаштарда кадам ташталышын күткөндөрүн айтты

Вархели Евробиримдиктин кезектешкен төрагалыгын жүргүзгөн Венгриянын борбору Будапештте катышкан «Жалпы тышкы жана коопсуздук саясаты менен бирдиктүү коопсуздук жана коргонуу саясаты боюнча парламенттер аралык конференцияда» сөз сүйлөдү.

2185171
Вархели Түркия менен карым-катнаштарда кадам ташталышын күткөндөрүн айтты

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын Коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели Түркия менен Бажы биримдигинин жаңыланышы сыяктуу темаларда жакынкы келечекте кадам ташталышын күткөндөрүн айтты.

Вархели Евробиримдиктин кезектешкен төрагалыгын жүргүзгөн Венгриянын борбору Будапештте катышкан «Жалпы тышкы жана коопсуздук саясаты менен бирдиктүү коопсуздук жана коргонуу саясаты боюнча парламенттер аралык конференцияда» сөз сүйлөдү.

Талапкер өлкөлөрдөн Түркияга да токтолгон Вархели: «Эки тараптуу карым-катнаштарыбызды жандандыруу үчүн Анкара менен активдүү карым-катнаштабыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидандын 5 жылдан кийин ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынына чакырылганын эске салган Вархели: «Гимнич жыйынында Түркиянын тышкы иштер министри менен жемиштүү жолугушуу өткөрдүк»,-деп айтты.

Евробиримдиктин комиссары Вархели: «Алгачкы кадамдарга жана Түрк тараптагы прогресске таянып, мындан аркы жогорку деңгээлдеги диалог, Европа инвестициялык банкынын акырындык менен кайра ишке киргизилиши жана Бажы биримдигин модернизациялоо боюнча ыйгарым укуктарын талкуулоолорун кайра баштоо үчүн мындан аркы кадамдар жасалышы мүмкүн деп ишенебиз. Булардын баары жакынкы келечекте чындыкка айланат деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар