Вьетнамдагы тайфун: 21 адам каза болду

Кырсыктан 229 адам жаракат алып, бороон-чапкындын себебинен 8 миң 17 үй зыянга учурады.

2184692
Вьетнамдагы тайфун: 21 адам каза болду

Вьетнамдын түндүгүнө таасир эткен «Яги» тайфуну себеп болгон апаат жана кырсыктардан каза тапкандардын саны 21ге жетти.

Кырсыктан 229 адам жаракат алып, бороон-чапкындын себебинен 8 миң 17 үй зыянга учурады.

Болжол менен 110 миң гектардык күрүч таласы суу астында калды.

Тайфундан жапа чеккен аймактын тургундарына азык-түлүк жана баш калкалоочу жай жардамдары көрсөтүлүүдө.

Сел жана жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашагандарды эвакуациялоо процесси уланып жатат.

Вьетнам бийлиги тайфундан таасирленген аймактарда жардам жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн миңдеген аскер кызматкерлерин жөнөткөн.

«Яги» бороонунан улам өлкөнүн түндүгүндөгү жээк шаарларынан 50 миңден ашуун киши эвакуацияланган. 

Филиппиндин түндүк аймактарында 3-сентябрда «Яги» тайфуну себеп болгон нөшөрлөгөн жамгыр, сел жана жер көчкүнүн айынан 20 киши каза болуп, 26 киши дайынсыз жоголгон.

Кытайдын Хайнань провинциясында 7-сентябрдагы тайфунда 4 адам каза болуп, 95 кишинин жаракат алганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар