Зеленский: «Ок атышпоо планын даярдадым»

Жыл сайын сентябрь айынын башында Италиянын Комо көлүнүн жээгиндеги Черноббио шаарында өткөрүлгөн жана эл аралык окуялар талкууланган Амбросетти форумуна катышкан Зеленский, бул жерде италиялык журналисттерге украин-орус согушу тууралуу баа берди.

2184522
Зеленский: «Ок атышпоо планын даярдадым»

Украинанын президенти Владимир Зеленский ок атышпоо планын даярдаганын жана аны АКШнын учурдагы президенти Жо Байден баш болгон башка президенттикке талапкерлер менен да бөлүшкүсү келгенин айтты.

Жыл сайын сентябрь айынын башында Италиянын Комо көлүнүн жээгиндеги Черноббио шаарында өткөрүлгөн жана эл аралык окуялар талкууланган Амбросетти форумуна катышкан Зеленский, бул жерде италиялык журналисттерге украин-орус согушу тууралуу баа берди.

Зеленский өз жерлерин берүү боюнча ультиматумдарды кабыл албай тургандарын жана муну көз жаздымда калтырбай тургандарын айтты.

Ок атышпоо планы бар экенин белгилеген Зеленский: «Мен план даярдадым жана аны АКШнын президенти менен бөлүшкүм келет, анткени Америкадан көз каранды болгон кээ бир жагдайлар бар. Мен бул планды Байденге жана талапкерлерге көрсөтүп, пикир алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болом деп үмүттөнөм. Учурда биз эч нерсе бөлүшө элекпиз. Биринчи байланыш Байден менен болот»,-деди.

Зеленский Орусиянын кол салууларында аларга каршы Түндүк Кореядан жасалган ракеталарды колдонгонун, анын калдыктарынан видеого чейин далилдер бар экенин, ошондой эле Иранда жасалган ракеталар менен учкучсуз учуучу аппараттар ​​да колдонулганын айтты.

«Биз согуштун бүтүшүнө башындагыга караганда дагы жакынбыз»,-депайткан Зеленский конкреттүү келишимдер менен экономиканы чыңдашкандарын жана ошентип согуштун аягына жакындашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар