Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондор...
Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин жасаган билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде 338 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондордун саны 40 миң 972ге жетти.
Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин жасаган билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде 338 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде «3 кыргын» салганы, бул кол салууларда дагы 33 палестиналыктын каза болгондугу, 145 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 40 миң 972ге, жаралуулардын саны 94 миң 761ге жеткени белгиленди.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.
Тектеш кабарлар
Орусия: "Левадное районун басып алдык"
Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы согуш аракеттери тууралуу маалымат берилди.