Грециянын премьер-министри курал-жарак инвестициясы жана Түркия менен көйгөйлөрүнө сереп салды

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 88-Эл аралык Салоники жарманкесинин алкагында өткөрүлгөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2184636
Грециянын премьер-министри курал-жарак инвестициясы жана Түркия менен көйгөйлөрүнө сереп салды

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Түркия менен болгон көйгөйлөрдөн улам өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүнүн тоскоолдук күчүн арттыруу үчүн жасаган инвестициялардын маанилүү бөлүгүнө муктаж болгондорун айтты.

88-Эл аралык Салоники жарманкесинин алкагында өткөрүлгөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берген Мицотакис Түркия тууралуу суроого, Түркия менен жакындашуу процессинин кыйынчылыктарын билгенин, Бирок ал кырдаалга реалдуу мамиле менен баа берип, оң жылыштарга басым жасаганын айтып жооп берди.

Мицотакис Түркиянын «Көгүлтүр мекенге» карата көз караштарынын өзгөрбөгөнүн билгенин белгилеп, бул абалдын Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги деңиздик юрисдикция аймактарын аныктоодогу эң негизги кыйынчылык экенин жактады.

Грециянын премьер-министри: «Эгерде Түркия менен алдыбыздагы бир нече ондогон жылдардагы көйгөйлөрүбүздү чечебиз деп ойлосок, куралдуу күчтөрүбүздүн сестентүүчү күчүн арттыруу үчүн жасаган инвестициябыздын маанилүү бөлүгүнө муктаж болмок эмеспиз»,-деди.

Украинадагы согушта кээде алда канча арзан курал системаларынын алда канча эффективдүү болгонун көргөндөрүн белгилеген Мицотакис : «Ушул себептен Коргоо министрлигибиз менен Грециянын өз инновациясына колдоо көрсөтүүгө маани беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар