АКШда Айшенур үчүн демонстрация...
Саясатчы, активист жана студенттерден турган жүздөгөн киши Эйгинин сүрөттөрү менен кошо баннерлерди көтөрүп, Израилге каршы ураандарды чакырыштыты.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Вашингтон штатында Палестинаны колдогон жүздөгөн демонстранттар түрк активист Айшенур Эзги Эйгинин оккупацияланган Батыш Шериадагы Наблус шаарында израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлүшүнө каршылык көрсөтүштү.
Саясатчы, активист жана студенттерден турган жүздөгөн киши Эйгинин сүрөттөрү менен кошо «Айшенур Эйги Палестина үчүн шейит болду, жаткан жери жайлуу болсун», «Айшенурга адилеттик», «Бүгүн баарыбыз Айшенурбуз», «Каршылык көрсөтүү терроризм эмес! Эркин Палестина!» жазуулары бар баннерлерди көтөрүп, Израилге каршы ураандарды чакырыштыты.
Пугат Саунд Мусулман биримдигинен имам Акрам Байоми сахнада сүйлөгөн сөзүндө Айшенурдун өлтүрүлүшүнөн бир нече саат мурда достору менен болгон сүйлөшүүлөрүнө токтолуп, митингге Айшенурдун мурасы себептүү катышканын айтты.
Байуми: «Анын акыркы сөздөрүнүн бири, биз дагы көп нерсе кылышыбыз керек деген болчу. Бүгүн мен баарыңардан сурайын дедим: Айшенурдун сөздөрү текке кетишине жол беребизби? Жок. Биз анын мурасын алдыга жылдыруу үчүн жана Эркин Палестинаны көрүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбызбы? — Ооба»,-деди.
Имам Байуми сахнада сүйлөгөн сөзүнөн кийин жасаган билдирүүсүндө да Айшенурдан ажырап калгандарына абдан кайгыргандарын белгилеп: «Бул маселеде жаңылбайлы. Ал жөн эле кокустан каза болгон жок. Ал атайылап бутага алынган. Израиль аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн»,-деп айтты.
АКШ жарандыгын алган түрк активист Айшенур Эзги Эйги 6-сентябрда басып алынган Батыш Шериадагы Наблус шаарында өткөн тынчтык демонстрацияларына катышкан жана израилдик аскерлер тарабынан атылган октун натыйжасында башына ок тийип каза болгон.