Зеленский орус кол салуусун алдын алуу үчүн Курск облусуна чабуул жасоого чечим чыгарды
Зеленский Италиянын Комо көлүнүн жээгиндеги Черноббио шаарында жыл сайын сентябрь айынын башында өткөрүлүүчү жана эл аралык окуялар талкууланган Амбросетти форумунда украин - орус согушу тууралуу сессияга катышты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн түндүгүнө жасала турган ыктымалдуу орус кол салуусун алдын алуу үчүн Орусиянын Курск облусуна чабуул жасоо чечимин чыгаргандарын айтты.
Зеленский Италиянын Комо көлүнүн жээгиндеги Черноббио шаарында жыл сайын сентябрь айынын башында өткөрүлүүчү жана эл аралык окуялар талкууланган Амбросетти форумунда украин - орус согушу тууралуу сессияга катышты.
Элинин күн сайын, күнү - түнү жүздөгөн учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталык кол салуулардын коркунучу астында жашаганына көңүл бурган украин лидери : «Путин дагы көп балдарды өлтүрүү үчүн дагы көп ракета учурууга аракет кылууда. Биз колубуздан келишинче өзүбүздү коргоого аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда алар Ирандан келген баллистикалык ракеталар менен да кол салышууда",- деди.
Зеленский Италиянын өлкөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн таштаган кадамдарына ыраазы экендерин белгилеп : «Биз согушту бүтүргүбүз келет, бирок өлкөбүзгө зыян келтире тургандай эмес. Орусия бизге согушуу мүмкүнчүлүгүн гана калтырууда»,-деди.
Журналисттердин Орусиянын Курск облусуна каршы башталган чабуулдары тууралуу суроосуна : «Украина өлкөнүн түндүгүндө ыктымалдуу орус аракетин алдын алуу үчүн Орусиянын Курск облусуна чабуул жасоого чечим чыгарды»,-деп жооп берди Зеленский.
Зеленский бул чабуул үчүн АКШ жана Улуу Британия сыяктуу союздаш өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтарынан жана өздөрүнүн улуттук чалгындоосунан жардам алышкандарын айтты.
Украин лидери тынчтык үчүн Курскка кол салгандарын баса белгилеп : «Согушту Орусиянын ичине алып барабыз ушундайча Владимир Путин кысымды сезип жана тынчтык жолун издениши мүмкүн",- деди.