Жо Байден Айшенур Эзги Эйгинин өлүмү тууралуу командасы менен сүйлөштү

АКШнын президенти Байден Мичиган штатына жасаган сапарында Израиль аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн Эйги тууралуу суроолорго жооп берди.

2184390
Жо Байден Айшенур Эзги Эйгинин өлүмү тууралуу командасы менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден түрк тектүү америкалык жарандык активист Айшенур Эзги Эйгинин Израиль аскерлери тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу командасы менен сүйлөшкөндүгүн, бирок азырынча колунда жетиштүү маалыматтын жок экендигин  билдирди.

АКШнын президенти Байден Мичиган штатына жасаган сапарында Израиль аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн Эйги тууралуу суроолорго жооп берди.

Байден Эйгинин өлтүрүлүшү боюнча командасы менен сүйлөшкөндүгүн  жана  кеңири маалымат берилгенден кийин баа бере аларын айтты.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Шон Саветт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Эйгинин Батыш Шериадагы трагедиялуу өлүмүнөн абдан тынчсыздангандыгын белгилеп : "Жүрөгүбүз анын үй-бүлөсүнө жана жакындары менен бирге. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Израиль өкмөтү менен байланышып, окуяны иликтөөнү талап кылдык", -деди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти да Эйгинин трагедиялуу өлүмү тууралуу ылдам түрдө маалымат чогултуп жаткандыгын  билдирди. 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Эйгинин израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлүшүнөн тынчсыздангандарын  жана «ортого чыга турган фактыларга жараша кадам таштай тургандарын» белгиледи.

Блинкен дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун АКШнын ар бир жаранынын коопсуздугу өздөрү үчүн  эң негизги приоритет экенин баса белгиледи.

Америка-Ислам карым-катнаштары кеңеши (CAIR) да АКШнын Адилет министрлигинен түрк-америкалык жарандык активист Айшенур Эзги Эйгинин оккупацияланган Батыш Шериада израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлүшүн тез арада иликтөөгө чакырды.



Тектеш кабарлар