Израилдин 24 саатта Газага карата кол салууларында 37 палестиналык каза болду
Газада геноцид кылган Израиль канга тойбой жатат.
Израилдин Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларында акыркы 24 саатта 37 палестиналык каза болду.
Газада геноцид кылган Израиль канга тойбой жатат.
Израиль армиясы Газанын түндүгүндөгү Жабалиеде көп сандаган палестиналык баш калкалаган Халима ас-Садия мектебин бомбалады.
Учкучсуз учуучу аппараттары менен жасалган кол салууларда 8 жаран каза болуп, 15 киши жараланды.
Жабалиедеги мектеп Израиль тарабынан бомбаланган жүздөгөн мектептердин бирөөсү гана.
Газадагы 564 мектептин 477си Израилдин чабуулдарынан жабыркап, 12 университеттин баары бомбаланып, иштебей калган.
Израиль күчтөрү Газа тилкесинин башка жерлерине да аткылап, Бурайж качкындар лагериндеги имаратты атып, 2 кишини өлтүрдү.
Кол салуудан кийин араларында балдар да болгон көптөгөн жаралуу ооруканага жөнөтүлдү.
Нусейрат качкындар лагеринде Израиль аскерлери тарабынан 5 киши каза болду.
Газа шаарындагы Зейтун мааласы Хан Юнус жана көптөгөн пункттарда жарылуулардын болгону, кол салууларда каза болгондордун жана жаралангандардын болгондугу билдирилди.
Израилдин кол салууларынан 24 саатта 37 палестиналык каза болду.
7 - октябрдан бери Израилдин кол салууларынан 41 миңге жакын палестиналык каза болуп, 94 миңден ашууну киши да жаракат алды.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.