Израилде түрк активист өлтүрүлдү

Израилдин баскынчылыгына каршы Наблус шаарында уюштурулган тынчтык митингдерине катышкан түрк активист Айшенур Эзги Эйги Израиль аскерлер аткан  октун натыйжасында башына ок жеп каза болду.

2184381
Израилде түрк активист өлтүрүлдү

Израилдин баскынчылыгына каршы Наблус шаарында уюштурулган тынчтык митингдерине катышкан түрк активист Айшенур Эзги Эйги Израиль аскерлер аткан  октун натыйжасында башына ок жеп каза болду.

Израил армиясы Батыш Шериада  ар жума күнү  өткөрүлгөн оккупацияга каршы митингдерге кийлигишти.

Американын да жараны болгон Айшенур Эзги Эйги Израиль аткан октун  натыйжасында башынан оор жаракат алды.

Наблустагы ооруканага жеткирилген Эйгинин каза болгондугу жарыяланды.

Окуя болгон жерде 3 палестиналыктын жаралангандыгы билдирилди.  

Эйгинин атылган учуруна күбө болгон израилдик активист бул окуянын Газада болуп жаткан геноциддин бир бөлүгү экендигин, Эйгинин ачык эле бутага алынгандыгын айтты.

Палестина жерлеринин  Израиль тарабынан оккупацияланышына каршы тынчтык жана жарандык ыкмалар менен палестиналыктарга колдоо берген Эл аралык тилектештик кыймылынын (ISM) ыктыярчысы, укук коргоочу Айшенур Эзги Эйги геноциддик Израиль аскерлеринин аткан огунан каза болгон биринчи АКШ жараны эмес. 

Ошол эле кыймылдын мүчөсү болгон тынчтык активисти Рейчел Корри да Израиль  өлтүргөн АКШнын жараны эле.

Рейчел 2003 - жылы 16 - мартта палестиналыктардын үйлөрүнүн кулатылышына   каршы чыгып, Израиль армиясына таандык брондолгон бульдозердин астында калып каза болгон.
Американын жараны Аль -  Жазира телекөрсөтүүсүнүн кабарчысы Ширин Эбу Акиле болсо Израилдин снайпери тарабынан башынан атылып өлтүрүлгөн.

Ширин «пресс» деген жазуусу бар жилет кийип, кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда  өлтүрүлгөн.



Тектеш кабарлар