Гиоргос Ерапетритис Түркия менен тарыхый мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин айтты

88 - өткөрүлгөн «Эл аралык Салоники жарманкесинде» бул шаарга барган  Ерапетритис журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2184394
Гиоргос Ерапетритис Түркия менен тарыхый мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин айтты

Грециянын тышкы иштер министри Гиоргос Ерапетритис өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы маселелерди чечүү үчүн азыркы учурда  тарыхый мүмкүнчүлүктөр терезесинин бар экенин айтты.

88 - өткөрүлгөн «Эл аралык Салоники жарманкесинде» бул шаарга барган  Ерапетритис журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Грециянын эки негизги тышкы саясат темасынын Кипр жана түрк - грек карым - катнаштары экенин баса белгилеген Ерапетритис, тышкы иштер министрлиги кызматына киришкенде бул темалардагы маселелердин чечилиши үчүн жоопкерчиликти алып, активдүү саясат жүргүзүү чечимин чыгаргандыгын айтты.

Кипр маселесинин бир жыл мурда токтогонун белгилеген Ерапетритис, бүгүнкү күндө БУУнун приоритеттеринин арасында экендигин белгиледи.

Ерапетритис болжол менен 14 айлык кызматында түрк - грек карым - катнаштарында маанилүү кадамдардын ташталганын белгилеп : «Учурда өз ара сүйлөшө турган баскычтабыз»,-деди. 

Бардык маселелерге оңой чечим табуунун мүмкүн эмес экенине көңүлдөрдү бурган Ерапетритис : «Бир гана маңдайыбыздагы киши менен талкуулай алабыз. Диалогдон жыйынтык чыгара алабыз»,-деди. 

Ерапетритис : «Түркия менен болгон көйгөйлөрдүн чечилиши континенталдык шельф жана Өзгөчө экономикалык аймак (EEZ) деңиздик юрисдикция аймактары толук аныкталгандан кийин гана мүмкүн болот»,-деди.

Грек министри: «Эми Түркия менен биздин ортобуздагы чоң маселелерди чечүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк терезеси бар. Мындай мүмкүнчүлүктөр тарыхта көп кездеше бербейт»,-деди. деди ал.

Түркия-Египет жакындашуусу Грециянын Египет менен карым-катнашына таасирин тийгизеби   деген суроого : «Бардык союздаштарыбыздын, бардык стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн коңшуларыбыз менен жана Түркия менен жакшы карым-катнаштарды түзүшүн каалаймын бирок бир  өлкө менен гана стратегиялык карым катнашта боло аласыз. Биз Египет менен стратегиялык өнөктөшпүз, ошондуктан эч кандай коркунуч жок", — деп жооп берди Ерапетритис.



Тектеш кабарлар