АКШ Укрианага жаңы аскердик жардам берерин жарыялады

Америка Кошмо Штаттары Орусия менен уланып жаткан согушта Украинага чукул муктаж болгон курал - жарак жана жабдуулардан турган 250 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады.

2184473

АКШнын мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө Вашингтон администрациясынын Киевге кошумча аскердик жардамын улантып жаткандыгы билдирилди.

Билдирүүдө Украинанын Орусия менен уланып жаткан согушунда коргонуу үчүн шашылыш түрдө керек болгон курал-жарак жана жабдууларды камтыган жаңы аскердик пакеттин 250 миллион доллар экендиги, пакетте абадан коргонуу ракеталары, ракета системалары, артиллерия үчүн ок-дарылар, танкка каршы курал-жарактар, Брэдли жөө аскерлеринин унаалары жана башка брондолгон машиналардын бар экендиги маалымдалды.

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин кечээ өлкөсүнүн Германиядагы  Рамштайн базасында 24 -  жыйыны өткөрүлгөн  Украина коргоо байланыш тобунун президент Жо Байдендин 250 миллион евролук жардам пакетин  жарыялай тургандыгын билдирген.

Тектеш кабарлар