Ак үй : "Путин биздин шайлообуз тууралуу сөз сүйлөөнү токтотушу керек"

Ак үйдүн Эл аралык коопсуздук байланыш боюнча кеңешчиси Кирби телеконференция аркылуу өткөргөн пресс  - жыйынында АКШнын президенттик шайлоолору тууралуу комментарий берген Путинге каршылык көрсөттү.

2183985
Ак үй : "Путин биздин шайлообуз тууралуу сөз сүйлөөнү токтотушу керек"

АКШда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук  байланыш боюнча кеңешчиси Жон Кирби өлкөсүндө боло турган президенттик шайлоо тууралуу "Камала Харристи колдой тургандыгын" айткан Россиянын президенти Владимир Путинге : "Путин биздин шайлообуз тууралуу сөз сүйлөөнү токтотушу керек",- деди. 

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук байланыш боюнча кеңешчиси Кирби телеконференция аркылуу өткөргөн пресс  - жыйынында АКШнын президенттик шайлоолору тууралуу комментарий берген Путинге каршылык көрсөттү.

Путиндин Харриске колдоо берери тууралуу берилген суроого : "Путин биздин шайлообуз тууралуу сөз сүйлөөнү токтотушу керек. Өзү эч кимди тиги же бул жолдор менен колдобошу керек",- деди. 

Россиянын Владивосток шаарында өткөрүлгөн Чыгыш Экономикалык Форумуна катышкан Путин берилген бир суроого күлүмсүрөө менен : "Сиздерге айтканымдай биздин фаворитибиз президент Байден эле. Байден жарыштан чыкты бирок колдоочуларынан Харристи колдоосун суранды, ошондуктан биз да муну аткарабыз, аны колдойбуз. Албетте Америка калкынын тандоосу болот. Биз ал чечимге сый көрсөтөбүз. Фавориттер тууралуу чечим чыгаруу биздин ишибиз эмес. Бул Америка калкынын тандоосу",- деген. 

 



Тектеш кабарлар