Газада полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы

Эмдөө акциясынын биринчи этабынын кечээ 189 миң 551 баланын эмделиши менен аяктаганы кабарланды.

2183424
Газада полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы

Газа тилкесинде полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы бүгүн башталат.

Газа тилкесиндеги Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Газа тилкесинде полиомиелитке каршы эмдөө акциясынын биринчи этабынын кечээ 189 миң 551 баланын эмделиши менен аяктаганы кабарланды.

Биринчи этаптын Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрүн камтыганына көңүл бурулган билдирүүдө, эмдөө өнөктүгү учурунда бул аймактагы 4 өзүнчө саламаттык сактоо борборунда эмдөөнүн улана турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө полиомиелитке каршы эмдөө акциясынын экинчи этабынын бүгүн башталаары, өнөктүктүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус жана Рафах шаарларын камтый турганы айтылды.

Израилдин кол салуулары уланып жаткан Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында 10 жашка чейинки балдарды полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү 31-августтун кечинде башталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Палестина боюнча өкүлү Рик Пиперкорн полиомиелитке каршы эмдөө акциясынын “эки этаптуу” болорун билдирген.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-августта Газа тилкесинде полиомиелиттин биринчи учуру аныкталганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар