Жылдын аягына чейин Испания менен Палестина эки тараптуу саммит өткөрөт

Жайкы эс алуудан кийин Санчес борбор шаар Мадриддеги Сервантес институтунда өкмөттүн алдыдагы саясий мезгилдеги артыкчылыктары тууралуу сөз сүйлөдү.

2183331
Жылдын аягына чейин Испания менен Палестина эки тараптуу саммит өткөрөт

Испаниянын премьер - министри Педро Санчес май айында расмий түрдө тааныган Палестина мамлекети менен алгачкы эки тараптуу саммитти жылдын аягына чейин өткөрө тургандарын жарыялады.

Жайкы эс алуудан кийин Санчес борбор шаар Мадриддеги Сервантес институтунда өкмөттүн алдыдагы саясий мезгилдеги артыкчылыктары тууралуу сөз сүйлөдү.

Испаниянын премьер - министри :  «Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам жана иштер боюнча агенттигине (UNRWA) колдоо көрсөтүп,  Эл аралык Кылмыш Сотунда Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхуга кысым көрсөтүүнү улантып,  Палестина мамлекети менен болгон байланышыбызды чыңдап, Газа калкына колдоо көрсөтүүнү улантабыз",- деди. 

Испаниянын 28 - майда Палестина мамлекетин расмий түрдө тааныганын эске салган Санчес : «Испания менен Палестина мамлекеттеринин ортосундагы алгачкы эки тараптуу саммитти жылдын аягына чейин өткөрө турганыбызды бул  жерде билдиргим келет. Испания менен Палестина мамлекеттеринин ортосунда түрдүү келишимдерге кол коюлушу күтүлгөн саммит болот»,-деди. 

Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац 2-сентябрда социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө Испаниянын премьер - министри Санческе кайрылып, андан «Палестинаны таануудан артка кадам таштоону» суранган.

Испаниянын премьер - министри Санчес  Палестина мамлекети менен эки тараптуу саммит өткөрүлөрүн билдирип, Израилдин тышкы иштер министрине жооп берген болду.



Тектеш кабарлар