Сергей Лавров АКШнын  Россиянын кызыл сызыктары кайда экенин абдан жакшы билгендигин айтты

Лавров «Россия» мамлекеттик телеканалына берген маалыматында АКШнын Украинага Ф - 16 аскердик учактарында колдонуу үчүн канаттуу ракеталарды берүү пландарына баа берди.

2183343
Сергей Лавров АКШнын  Россиянын кызыл сызыктары кайда экенин абдан жакшы билгендигин айтты

Россиянын  тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын  Россиянын кызыл сызыктары кайда экенин абдан жакшы билгендигин  жана бул жагдайда тамашага албаш керектигин айтты.

Лавров «Россия» мамлекеттик телеканалына берген маалыматында АКШнын Украинага Ф - 16 аскердик учактарында колдонуу үчүн канаттуу ракеталарды берүү пландарына баа берди.

Мындай план ишке аша турган болсо таң калбай турганын айткан Лавров АКШнын өзү  белгилеген босогодон өткөнүн жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин мындан пайдаланып жатканын айтты.

Лавров :  «АКШ биздин кызыл сызыктарыбыз  тууралуу тамашага алынбашы керектигин түшүнгөн болуш керек. Алар биздин кызыл сызыктарыбыздын кайда экенин жакшы билишет",-  деди.

АКШда азыр да  Украинага курал - жарак жөнөтүлүшүнүн натыйжаларына баа бере турган  адамдардын бар экендигин белгилеген Лавров : «Американын кызыкчылыктары эске алынат деп үмүттөнөм»,-деди. 

АКШнын кол тийбестигине ишенгенин ойлогондугун белгилеген Лавров, Вашингтондун Россия  Федерациясы менен кийин кайра бекитилип иштелип чыккан советтик-америкалык стратегиялык туруктуулук келишимдеринин негизи болгон бардык принциптерди жок кылганын айтты.

Американын Россия менен өз ара стратегиялык кармануу сезимин жогото баштаганын белгилеген Лавров муну абдан «коркунучтуу» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар