Россия Украинанын Львов аймагына кол салды
Орус армиясынын Украинанын Львов аймагына жасаган ракеталык кол салуусунда 5 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Орус армиясынын Украинанын Львов аймагына жасаган ракеталык кол салуусунда 5 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский X эсебинен берген билдирүүсүндө орус армиясынын Львов шаарына ракеталык чабуул жасагандыгын билдирди.
Кол салуунун жарандык инфраструктурага жасалганына көңүл бурган Зеленский кол салуудан 5 кишинин анын ичинен бир баланын каза болгонун, 30дан ашуун кишинин жараланганын белгилеп: «Шаардагы турак-жайлар, мектептер жана медициналык мекемелер зыянга учурады»,- деди.
Орус армиясынын Кривий Риг шаарына да ракеталык чабуул жасаганын белгилеген Зеленский бул кол салууда 5 кишинин жараланганын белгиледи.
Россиянын Украинанын шаарларына жасаган кол салууларын "террордук актылар" деп сыпаттаган Зеленский дүйнөнү бул кол салууларды алдын алуу үчүн Украинаны колдоону улантууга чакырды.
Львов облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Максим Козицкий, Telegram баракчасынан жазган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, акыркы маалыматтарга караганда, Львовго жасалган кол салууда 38 кишинин жараланганын белгиледи. Украинанын Аскердик Аба күчтөрү командирлигинин Telegram эсебинен жасалган билдирүүдө борбор калаа Киевге учкучсуз учактын кол салуу коркунучунун уланып жатканы билдирилди.