Полиция угандалык саясатчынын бутуна атып салды

Борбор шаар Кампалага жакын жерде демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты.

2183031
Полиция угандалык саясатчынын бутуна атып салды

Угандада чыныгы аты Роберт Кягулани болгон оппозициялык саясатчы Боби Вайнга митинг учурунда полиция тарабынан бутуна ок атылды.

Борбор шаар Кампалага жакын жерде демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты.

Нааразылык акциясына катышкан оппозициялык саясатчы Боби Вайнга баш аламандык учурунда полиция тарабынан бутуна ок атылды.

Улуттук Биримдик Платформасы, коопсуздук күчтөрүнүн "Вайндын өмүрүнө кол салганын" билдирип, Вайндын Вакисо аймагындагы Булиндодо бутуна ок жеп, оор жаракат алганын жарыялады.

Полиция же бийлик өкүлдөрү окуя боюнча билдирүү жасай элек.

Угандада 2021-жылы 14-январда өткөрүлгөн президенттик шайлоого талапкер болгон ырчы жана оппозициялык саясатчы Боби Вайн шайлоо алдында камакка алынып, өлкөдө зордук-зомбулуктар башталган.

Нааразылык акциясында 50дөн ашуун адам каза тапкан. Шайлоодо болсо 34 жылдан бери бийликте турган Йовери Мусевени жеңген. Вайн шайлоонун бурмаланганын айтып чыккан.



Тектеш кабарлар