Папа Франциск Азияга сапарынын алкагында Индонезияда
Рим папасы Индонезияга кечээ башталган сапарынын алкагында Мердека сарайында президент Жоко Видодо жана берки индонезиялык жетекчилер менен жолугушту.
Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Франциск 12 күндүк Азия сапарынын биринчи аялдамасы Индонезияда...
Рим папасы Индонезияга кечээ башталган сапарынын алкагында Мердека сарайында президент Жоко Видодо жана берки индонезиялык жетекчилер менен жолугушту.
Жолугушууда Видодо Папага Палестина жана Палестин элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Согуштун эч кимдин кызыкчылыгына кызмат кылбай турганын белгилеген Видодо: «Согуш карапайым калкка азап-кайгы гана алып келет»,-деди.
Видодо адамдардын ортосундагы айырмачылыктарды баалоо керектигин баса белгилеп, тынчтыкка жана жакшыраак дүйнөгө чакырды.
Франциск болсо Индонезиянын маданий көп түрдүүлүгүнүн "ар бир бөлүгү өзгөрүлгүс мозаиканы" түзгөнүн айтты.
Рим папасы Жакартанын башкы соборунда да христиан дин кызматкерлери менен да жолугушту.
Индонезияга 35 жылдан кийин барган Рим папасы болгон Франциск 1970-жылы Папа Павел VI жана 1989-жылы Иоанн Павел IIден кийин Индонезияга барган үчүнчү Папа болду.
5-сентябрда Түштүк-Чыгыш Азиянын эң чоң мечити Жакартадагы Истиклал мечитине зыярат кыла турган Папа өлкөдөгү католиктер менен да жолугушат. Ошол эле күнү Рим папасы Гелора Бунг Карно стадионунда да чоң сыйынуу иш-чарана жетекчилик кылат.
Рим папасы Жакартадан 6-сентябрда чыгып Папуа-Жаңы Гвинеяга барат.
Папанын Азия-Тынч океан аймагына 12 күндүк сапарынын алкагында Чыгыш Тимор жана Сингапурга барары күтүлүүдө.