Орусиянын Полтавага чабуулунан каза болгондордун саны
Зеленский Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео билдирүүсүндө, кечээ орус армиясынын Полтавага абадан чабуулуна байланыштуу акыркы маалыматтарды бөлүштү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус армиясынын Украинанын Полтава шаарына карай ракеталык чабуулунан каза болгондордун саны 51ге, жаракат алгандардын саны 271ге жеткенин билдирди.
Зеленский Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео билдирүүсүндө, кечээ орус армиясынын Полтавага абадан чабуулуна байланыштуу акыркы маалыматтарды бөлүштү.
Учурдагы маалыматтарга караганда кол салууда каза болгондордун саны 51ге, жаралангандардын саны 271ге жеткенин белгилеген Зеленский: «Издөө-куткаруу иштери уланып, урандылар тазаланууда»,-деди.
Орус армиясынын кол салууда эки баллистикалык ракета колдонгонун айткан Зеленский, окуя болгон жерде иликтөөлөрдүн жүргүзүлгөнүн жана тергөө иштеринин башталганын да жарыялады.
Зеленский буга чейинки билдирүүсүндө, Орусиянын Полтавага ракеталык чабуул жасаганын, кол салуудан бир институттун жарым-жартылай урап калганын, жанындагы оорукананын да зыян тартканын кабарлаган.