Иран Британиянын ишенимдүү өкүлүн тышкы иштер министрлигине чакырды

Ирандын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Британиянын ишенимдүү өкүлү Британиянын  3 ирандык киши жана бир мекемеге карата санкцияларынан улам министрликке чакырылды.

2182969
Иран Британиянын  ишенимдүү өкүлүн тышкы иштер министрлигине чакырды

Иран Британиянын акыркы санкцияларына карата бул өлкөнүн Тегерандагы ишенимдүү өкүлүн тышкы иштер министрлигине чакырды. 

Ирандын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Британиянын ишенимдүү өкүлү Британиянын  3 ирандык киши жана бир мекемеге карата санкцияларынан улам министрликке чакырылды. 

Британиялык дипломатка бул санкция чечиминин Британиянын жаңы өкмөтүнүн Иран менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү ниетине терс  экендиги  кабарланды.

Аймактагы коопсуздук булагынын Израиль экени жана палестиналыктарга каршы жасалган геноцидде Британия баш болгон кээ бир өлкөлөрдүн Израилге колдоо көрсөтүүсү аймактагы ыраатсыздык жана коопсуздуктун негизги себеби экендиги белгиленди.

Британиянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Тегерандын позициясын өз өлкөсүнө жеткирерин билдирди.

Британиянын тышкы иштер министрлиги кечээ ирандык 3 киши жана Төңкөрүш Гвардиясы Армиясынын Кудс күчүнө караштуу бир бөлүк болгон "700-  бөлүгү"  Тегерандын  Британия, Израиль, Ирак, Йемен жана Ливанды  туруксуздаштырган “душмандык” иш-аракеттерди жасады деп айыптап, санкция тизмесине алгандыгын жарыялаган. 

 

 



Тектеш кабарлар