Германияда Саксонгияда болгон шайлоолордо бюллетендерде бурмалоолор болду
100гө жакын добуштун өзгөртүлгөндүгү, бул тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгы билдирилди.
Германиянын Саксония аймагында 1 - сентябрда болгон аймактык парламентти шайлоодо бюллетендердин бурмалангандыгы билдирилди.
Дрезден коопсуздук директорлугунан берилген маалыматта Саксония аймактык парламентиндеги шайлоо үчүн кат аркылуу берилген добуштарды саноо учурунда Дрезден шаарындагы эки шайлоо округунда бурмаланган бюллетендердин аныкталгандыгы белгиленди.
Ким экени белгисиз кишилердин шайлоонун бюллетендериндеги крест белгилеринин үстүндө ашкере оңчул Эркин Саксония (Freie Sachsen) партиясын белгилегендиги билдирилди.
100гө жакын добуштун өзгөртүлгөндүгү, бул тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгы билдирилди.
Бюллетендерде өзгөртүүлөрдүн болгону белгиленген 36012номердүү шайлоо окуругунда ашкере оңчул Эркин Саксония партиясы добуштардын 10,2 пайызын алды. Партия жалпы аймакта 2,2 пайыздык катнашка жетти.
Эркин Саксония партиясы өлкөнүн ички чалгындоосу Германия конституцияны коргоо мекемеси тарабынан ашкере оңчул түзүлүш деген негиз менен изилденүүгө алынууда.
Тектеш кабарлар
Израилдин Бейрутка жаңы аба чабуулу
Бейруттун Дахие району дагы бир жолу израилдик абадан сокку урууга учурады.