Швейцария 33 жылдан кийин Багдад элчилигин ачты
Федералдык Кеңештин Багдад элчилигин кайра ачып Ирак менен эки тараптуу карым-катнаштарды бекемдөөнү, экономикалык, коопсуздук жана миграция темаларында кызматташтыкты тереңдетүүнү максат кылганы белгиленди.
Швейцария 33 жылдан кийин Ирактагы Багдад элчилигин кайрадан ачты.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта: «Швейцария 1991-жылдагы Перс булуңу согушунан улам мурдагы өкүлчүлүгүн жапкандан 33 жыл өткөндөн кийин Ирактагы элчилигин бүгүн кайрадан ачты»,-деп айтылды.
Билдирүүдө Федералдык Кеңештин Багдад элчилигин кайра ачып Ирак менен эки тараптуу карым-катнаштарды бекемдөөнү, экономикалык, коопсуздук жана миграция темаларында кызматташтыкты тереңдетүүнү максат кылганы белгиленди.
Бул кадамдын Федералдык Кеңештин 2021-24-жыл үчүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка (MENA) Стратегиясынын максатынын алкагында ташталганы да маалымдалган билдирүүдө: «Ирактын коопсуздук абалы зордук-зомбулуктан кийин акыркы жылдарда жакшырды. Ирак акыркы бир нече жыл ичинде аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө үчүн ырааттуу аракеттерди жасады. Бүгүнкү күндө Багдадда Австрия, Франция, Италия жана Германия сыяктуу 50дөн ашык өлкөнүн элчиликтери бар»,- делди.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.