АКШ Мадуронун учагын конфискация кылды

АКШнын Адилет министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Мадуронун көбүнчө чет элдик саякаттарында колдонгон учактын конфискация кылынганы белгиленди.

2182578
АКШ Мадуронун учагын конфискация кылды

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Венесуэланын президенти Николас Мадуро колдонгон учакты Доминикан Республикасында «санкцияларды бузду» деген жүйө менен конфискация кылды.

АКШнын Адилет министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Мадуронун көбүнчө чет элдик саякаттарында колдонгон учактын конфискация кылынганы белгиленди. Министрлик учактын буйуртма аткаргыч компания аркылуу сатылып алынып АКШдан чыгарылганын жана Венесуэлага киргизилген санкцияларды бузганын жүйө келтирди.

Мадуронун «президенттик учак» катары колдонгону айтылган учактын Доминикан Республикасында конфискация кылынышы АКШ менен Венесуэланын ортосундагы шайлоодон бери чыңалган карым-катнаштарга жаңы жүк салышы күтүлүүдө.

Венесуэлада 29-июлда жарыяланган жыйынтыкка ылайык, Мадуронун 51,20 пайыз добуш менен үчүнчү жолу президенттик шайлоодо жеңгени жарыяланды. Оппозициялык коалициянын талапкери Эдмундо Гонсалес менен оппозиция лидери Мария Корина Мачадо шайлоонун жыйынтыгын четке кагышкан.

АКШ администрациясы шайлоонун жыйынтыгы ачык жарыяланбаганын жана жыйынтыктар элдин эркин чагылдырбай турганын жактаган.



Тектеш кабарлар