Ак үйдө улуттук коопсуздук тобу менен жыйын өткөрүлдү
Газада 6 туткундун сөөгү табылгандан кийин өткөрүлгөн улуттук коопсуздук жыйынында, Газадагы ок атышпоо процессинин кийинки кадамдары жана туткундарды бошотуу аракеттери каралды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден улуттук коопсуздук тобу менен Газадагы ок атышпоо процессин жана туткундарды бошотуу процессинин кийинки кадамдарын талкуулады.
Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Байден жана вице-президент Камала Харрис Ак үйдөгү кырдаал бөлмөсүндө улуттук коопсуздук тобу менен жыйын өткөрүштү.
Газада 6 туткундун сөөгү табылгандан кийин өткөрүлгөн улуттук коопсуздук жыйынында, Газадагы ок атышпоо процессинин кийинки кадамдары жана туткундарды бошотуу аракеттери каралды.
Жыйында Катар менен Египеттин ортомчулугунда жүргүзүлгөн ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнүн детальдары жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө байланыштуу учурдагы абал да кеңири талкууланды.
Израиль армиясы, Газадагы кагылышуулар учурунда 6 израилдик туткундун сөөгү табылганын жарыялаган.
Газада кармалып турган израилдик туткундардын үй-бүлөлөрү тарабынан түзүлгөн платформа, 6 израилдик туткундун өлүмү үчүн премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну күнөөлөгөн.
Нетаньяху болсо өкмөттүн калган туткундардын бошотулушу үчүн келишим түзүүгө чечкиндүү экенин айтып, келишимге жетише албашына Хамастын күнөөлүү экенин маалымдаган.
АКШнын президенти Байден болсо Нетаньяхунун ок атышпоо үчүн жетиштүү аракет көрсөтпөгөнүн айткан.