Украинага түндө 35 ракета жана 23 учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул жасалды

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн X эсебинде жасаган билдирүүсүндө орус армиясы анын өлкөсүнө абадан сокку урганын жарыялады.

2182255
Украинага түндө 35 ракета жана 23 учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул жасалды

Орус армиясынын Украинанын ар кайсы аймактарына 35 ракета жана 23 учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул жасаганы билдирилди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн X эсебинде жасаган билдирүүсүндө орус армиясы анын өлкөсүнө абадан сокку урганын жарыялады.

Ар кайсы аймактарда, өзгөчө борбор калаа Киевде түнкүсүн жана эртең менен абадан кол салуулар болгонун белгилеген Зеленский: «Орусия түн ичинде Украинага каршы баллистикалык ракеталарды кошкондо жалпысынан 35 ракета жана 23 учкучсуз учуучу аппаратты учурду»,-деп айтты.

Зеленский бүткүл дүйнөнү Орусиянын чабуулдарына каршы турууга чакырды.

Киевге болгон кол салууларда Крым Автономиялуу Мусулмандарынын Дин башкармалыгына караштуу мечит менен Ислам маданият борборунун да зыян тартканын белгилеген Зеленский, орус армиясынын Украинадагы сыйынуучу жайларды да бутага алганын айтты.

Зеленский: «Орусия руханий же адамдык баалуулуктарды, динди же ишенимди сыйлабайт. Алар украин элине каршы кыйратуу кампаниясын улантууда, биздин бардык жамааттарды, атүгүл ыйык сыйынуучу жайларды жок кылууга аракет кылып жатышат»,-деди.

Орусиянын чабуулдарын катуу айыптоо керектигин баса белгилеген Зеленский, эл аралык коомчулуктун катуу чара көрүшү керектигин айтты.

Киев шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко да өзүнүн Telegram эсебинен Киевге болгон кол салууда 3 адам жабыркаганын билдирди.

Бир тараптан Украинанын Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта орус армиясынын түн ичинде Украинанын Сумы шаарына абадан сокку урулганы билдирилди.

Билдирүүдө, кол салууда Сумидеги Балдардын социалдык жана психологиялык реабилитация борбору жана бир балдар үйү менен 6 көп кабаттуу үйдүн бутага алынганы белгиленип: «Алдын ала маалымат боюнча алтоо баладан турган 18 адам жабыркады»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар