Лавров: «Армениянын Азербайжан менен түз сүйлөшүүсүнө Москва каршы эмес»
Министрдин билдирүүсү Армения менен Азербайжан эки тараптуу форматта сүйлөшүүлөрдү улантып жатканы тууралуу кабардын пайда болушуна туш келди.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Армения Азербайжан менен түз сүйлөшүүнү кааласа, Москва буга каршы болбой турганын билдирди.
Министрдин билдирүүсү Армения менен Азербайжан эки тараптуу форматта сүйлөшүүлөрдү улантып жатканы тууралуу кабардын пайда болушуна туш келди.
Лавров: «Азырынча Орусия, Армения жана Азербайжандын 2020-2022-жылдардагы бир нече жолугушуунун натыйжасында жетишилген үч тараптуу келишимдерге баш ийбөө коркунучу бар. Мен ташууларды калыбына келтирүүнү жана бул маселе менен алектенген үч тараптуу комиссияны айттым. Бул комиссия мындан ары чогулбайт. Ереван бул маселени түздөн-түз Азербайжан менен чечүү керек деп эсептейм. Эгер ал муну жасай алса, «абдан жакшы» эле»,- деди.
Лавров Армения менен Азербайжандын чек арасын кайра аныктоодо Орусия менен кеңешүү керектигин белгиледи. Орус министри мунун жасалбаганын, анткени Армения Батыш өлкөлөрүн, айрыкча АКШ менен Евробиримдикти сүйлөшүүлөргө кошууга аракет кылганын баса белгиледи.
Лавров: «Бул алардын тандоосу, бирок адегенде коңшу Азербайжан менен келишим түзүшү керек. Башка жол жок»,-деп айтты.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жакында Азербайжан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык бере баштаганын, тараптар өткөн жылдын декабрынан бери бир нече жолу биргелешкен билдирүү жасашканын, эффективдүү болгон бул форматта иштөөнү уланта турганын билдирген болчу.