Газа тилкесинде 10 жашка чейинкилер үчүн полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясы башталды

UNRWAнын X эсебинде жасалган билдирүүдө полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын алдыдагы күндөрдө Газанын бардык аймактарына жайылып, 600 миңден ашуун балага жетээри белгиленди.

2182101
Газа тилкесинде 10 жашка чейинкилер үчүн полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясы башталды

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык Качкындарга жардам жана Жумуштар боюнча Агенттиги (UNRWA) Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө 10 жашка чейинкилер үчүн полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын биринчи этабын баштады.

UNRWAнын X эсебинде жасалган билдирүүдө полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын алдыдагы күндөрдө Газанын бардык аймактарына жайылып, 600 миңден ашуун балага жетээри белгиленди.

Билдирүүдө,«Аймактагы балдар үчүн биротоло ок атууну токтотууга убакыт келди»,деген маалымат камтылды.

Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрүндөгү миңдеген үй-бүлө 10 жашка чейинки балдарын эмдөө үчүн жарыяланган борборлорго барышты.

Полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү Газа тилкесинде Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ), Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана UNWRA менен кызматташтыкта ​​10 жашка чейинки 600 миңден ашуун баланы камтыйт.

ДССУ Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Дейр ал-Белахта эмдөө өнөктүгү 4-сентябрга чейин улана турганын жарыялады.

Израилдин кол салуулары уланып жаткан Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында эмдөө өнөктүгү 31-августтун кечинде башталган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра Фейсбук баракчасынан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газанын борбордук бөлүгүндө UNRWA тарабынан 10 жаштан төмөн болгондор үчүн уюштурулган эмдөө кампаниясына коомчулуктун чоң кызыгуу көрсөткөнүн белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эмдөө кампаниясынын биринчи күнүндө борбордук аймакта 72 миң 611 бала эмделгени белгиленди.



Тектеш кабарлар