Байден: "Нетаньяху жетиштүү аракетти көрсөтпөй жатат"
Байден Газадагы акыркы абал жана туткундардын бошотулушун камсыздай турган ыктымалдуу ок атышпоо келишими тууралуу сүйлөшүү үчүн Ак үйгө барганда басма сөз өкүлүнүн суроосуна жооп берди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газада ок атышпоо келишими үчүн «жетиштүү аракетти көрсөтпөгөнүн» айтты.
АКШнын президенти Байден Газадагы акыркы абал жана туткундардын бошотулушун камсыздай турган ыктымалдуу ок атышпоо келишими тууралуу сүйлөшүү үчүн улуттук коопсуздук тобу менен Ак үйгө барганында басма сөз өкүлүнүн суроосуна жооп берди.
Байден: «Урматтуу президент, премьер-министр Нетаньяхунун келишим темасында көбүрөөк иш кылууга убагы келдиби? Сиздин оюңузча Нетаньяху жетиштүү иш кылып жатабы?" деген суроого «Жок» деп жооп берди.
Израиль армиясы Газадагы кагылышууда 6 израилдик туткундун сөөгүн тапканын жарыялаган.
Газада кармалып турган израилдик туткундардын үй-бүлөлөрү тарабынан түзүлгөн платформа, 6 израилдик туткундун өлүмү үчүн "Газа-Египет чек ара сызыгындагы Филадельфи коридорунда оккупацияны улантууну талап кылган жана туткундарды алмашуу келишимдерин бузган" премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну күнөөлөгөн.
Нетаньяху болсо өкмөттүн калган туткундардын бошотулушу үчүн келишим түзүүгө чечкиндүү экенин айтып, келишимге жетише албашына Хамастын күнөөлүү экенин билдирген.
Тектеш кабарлар
ЕБден Ливанга гуманитардык жардам
Евробиримдик Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасады.
Газадагы кыргын уланып жатат
Израилдин Газага 363 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.