Бангладештеги селдин кесепети

Бангладештин Табигый кырсыктарды башкаруу жана жардам министрлиги сел апаатынын акыркы абалы боюнча отчетун жарыялады.

2181471
Бангладештеги селдин кесепети

Бангладеште нөшөрлөп жааган жамгырдан улам дарыялардын ташкындашынын натыйжасында жүргөн селдерден каза болгондордун саны 52ге жетти.

Бангладештин Табигый кырсыктарды башкаруу жана жардам министрлиги сел апаатынын акыркы абалына байланыштуу отчет жарыялады.

Селден өлкө боюнча 5 миллион 400 миңден ашуун кишинин жабыр тартканы билдирилген отчетто, селдердин айынан каза болгондордун санынын 52ге жеткени белгиленди.

Отчетто Моулвибазар аймагында сел сууларына кабылып жоголгон адамдын дагы деле табыла электиги кабарланды. 

Ошондой эле селден жабыркаган аймактарда 595 медициналык топтун өз кызматын улантканы маалым болду.

Бир тараптан өлкөдөгү сел апаатынан улам 500 миңден ашуун киши да аймактагы 3403 убактылуу баш калкалоочу жайга жайгаштырылды.



Тектеш кабарлар