Орусия-Украина салгылашуулары...
Росгвардиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Курск АЭСине 5 километр алыстыкта Украина армиясына таандык жарылбаган кассеталык бомбанын аныкталганы белгиленди.
Орусиянын Федералдык Улуттук гвардия кызматы (Росгвардия) Украина армиясы тарабынан учурулган АКШда жасалган кассеталык бомба Курск атомдук электр станциясынын (АЭС) жанында жок кылынганын билдирди.
Росгвардиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Курск АЭСине 5 километр алыстыкта Украина армиясына таандык жарылбаган кассеталык бомбанын аныкталганы белгиленди.
Билдирүүдө бомбанын АКШда жасалган HIMARS системасынан учурулганы аныкталып, Росгвардиянын топторунун бомбаны көзөмөлдөнгөн түрдө жок кылганы белгиленди.
Украина армиясынын 6-августта баштаган чабуулдарынан кийин Орусиянын Курск аймагында катуу кагылышуулар чыкты.
Орус президенти Владимир Путин 22-августтагы билдирүүсүндө Украина Курск АЭСине кол салууга аракет кылганын билдирди.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) президенти Рафаэль Мариано Гросси кечээги аймакка жасаган иш сапарынын алкагында «Курск аймагында өзөктүк окуя болуу коркунучу бар»,-деп билдирди.
Бир тараптан Орусиянын Ростов аймагындагы күйүүчү май кампасында учкучсуз учуучу аппарат (УУА) менен кол салуудан улам өрт чыкты.
Ростов губернатору Василий Голубьев жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөнүн түштүгүндөгү Ростовтун Каменский районундагы күйүүчү май кампасына учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу болгонун айтты.
Кол салуудан эч кимдин жабыркабаганын айткан Голубьев, өрт өчүрүүчүлөрдүн кампадагы өрттү өчүрүү иштерин улантканын белгиледи.
Ростов шаарындагы Пролетарск күйүүчү май базасында 18-августта чыккан өрттү өчүрүү иштери 10 күнгө чукул убакытка созулду.
Орусиянын Украина чек арасындагы күйүүчү май объектилери көп учурда учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарына кабылууда.
Орусиянын Киров аймагына да биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан чабуул жасалганы билдирилди.
Киров облусунун губернатору Александр Соколов, Телеграм каналындагы билдирүүсүндө, аймактагы Котельнич шаарына 5 учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу болгонун билдирди.
Өрт учкучсуз учуучу аппараттардын бири Котельниктеги мунай базасына кулап түшкөндө чыкканын айткан Соколов: «Өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Кырдаал көзөмөлгө алынды. Окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иштеп жатат»,-деди.
Биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууга дуушар болгон Киров Орусия-Украина чек арасынан болжол менен 1500 километр алыстыкта жайгашкан.
Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Украинанын түн ичинде Орусиянын аймагындагы элементтерге кол салууга аракет кылганы жана 12 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганы белгиленди.