Израилдин Палестинанын жерлерине кол салуулары...
Газадагы Жарандык коргонуу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Махмуд Басалдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израиль армиясынын Газага кечээки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине кол салууларынан 5и бала болгон 40 жаран каза болду.
Газадагы Жарандык коргонуу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Махмуд Басалдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израиль армиясынын Газага кечээки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Газа тилкесинин түндүгүндө жайгашкан Жибалия качкындар лагеринде бир топ жарандарды бутага алган абадан кол салууда 3 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Түндүктөгү Аль-Амуди аймагындагы кол салууда кеминде 2 кишинин каза болгону кабарланды.
Билдирүүдө Израилдин Газа аймагын 5 жолу абадан кол салуусу менен бутага алганы, бул кол салуулардын натыйжасында 23 палестиналыктын каза болгону белгиленди.
Билдирүүдө Газа тилкесинин борбордук бөлүгүнө эки аба соккусу урулуп, анда кеминде 7 жарандын каза болгондугу, ал эми Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында жарандык унаа атылып 5 палестиналыктын каза болгондугу белгиленди.
Билдирүүдө Израилдин күн бою Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларында каза болгондордун арасында 5 баланын да болгону белгиленди.
Израиль армиясынын басып алган Батыш Шериадагы Тулкерим шаарындагы Нур Шамс качкындар лагерине абадан кол салуусунда 5 палестиналык каза болду.
Бир тараптан Израиль армиясынын Газа тилкесине кол салууларында дагы бир палестиналык журналист каза болду.
Өкмөттүн Газадагы басма сөз кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында Израиль армиясынын Газага кол салууларынан журналист Найеф Тайманын каза болгондугу белгиленди.
Билдирүүдө 7-октябрдан бери Израиль армиясынын чабуулуна кабылган Газа тилкесинде шейит болгон журналисттердин санынын ошентип 171ге жеткени билдирилди.