Украина Тынчтык саммитинин экинчиси

"Укринформ" агенттигинин кабарына караганда, Зеленский Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Киевге иш сапарынан кийин индиялык журналисттерге маалымат берди.

2179646
Украина Тынчтык саммитинин экинчиси

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусия-Украина согушуна байланыштуу экинчи Украина Тынчтык саммитинин «Глобалдык Түштүк» өлкөлөрүндө өткөрүлүшүнүн артыкчылыктуу болорун, Түркия, Сауд Арабия жана Катар сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүп жаткандарын айтты.

"Укринформ" агенттигинин кабарына караганда, Зеленский Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Киевге иш сапарынан кийин индиялык журналисттерге маалымат берди.

Орусия-Украина согушуна байланыштуу экинчи Украина Тынчтык саммитинин «Глобалдык Түштүк» өлкөлөрүндө өткөрүлүшүнүн артыкчылыктуу экенине көңүл бурган Зеленский: «Саммит үчүн Сауд Арабия, Катар жана Түркия сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүп жатабыз»,-деди.

Зеленский Индиянын да саммитке кожоюндук кыла аларын белгилеп: «Бирок мен ачык айткым келет, бул абал бир гана Индияга эмес, экинчи саммитке оң көз карашта болгон ар бир кимге тиешелүү. Саммиттин декларациясына кошула элек өлкөдө Тынчтык саммитин уюштура албайбыз»,-деп айтты.

16-июнда Швейцарияда өткөрүлгөн Украина тынчтык саммитине Орусия чакырылган эмес. 90дон ашуун өлкөнүн жана мекеменин катышуусунда өткөн саммит Бюргенсток декларациясынын кабыл алынышы менен аяктаган.

Декларация 80 өлкө жана 4 мекеме тарабынан бекитилген. Индонезия, Ливия, Сауд Арабиясы, Таиланд, Индия, Мексика, Түштүк Африка, Бразилия жана Бириккен Араб Эмираттары баш болгон 16 өлкө жана мекеме калыс болгон.



Тектеш кабарлар