Насралла эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин күтүшкөнүн түшүндүрдү

Насралла телекөрсөтүүдөн түз эфирге чыккан сөзүндө Шүкүрдүн өлтүрүлүшүнө өч алуу максатында кечээ эртең менен Израилге чабуул коюу тууралуу билдирүү жасады.

2179844
Насралла эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин күтүшкөнүн түшүндүрдү

Хизбуллахтын баш катчысы Хасан Насралла, кыймылдын жогорку даражалуу командирлеринен Фуад Шүкүрдүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу өч алуунун Израиль менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) даяр тургандыгы эске алынып, кийинкиге калтырылганын айтты.

Насралла телекөрсөтүүдөн түз эфирге чыккан сөзүндө Шүкүрдүн өлтүрүлүшүнө өч алуу максатында кечээ эртең менен Израилге чабуул коюу тууралуу билдирүү жасады.

Арбаин окуяларына туш келгендиктен чабуулду «Арбаин операциясы» деп аташкандарын белгилеген Насралла Израилдин Дахиеге кол салып Шүкүрдү өлтүрүү менен бардык кызыл сызыктарды ашканын, чыңалуунун күчөшүнүн себебинин Тель-Авив башкаруусу болгонун белгиледи.

Эмне үчүн өч алууну мынчалык көп күтүшкөнүн түшүндүргөн Насралла: ««АКШ менен Израиль даяр турган маалда жооп кайтарууга шашылыш ийгиликсиздикке алып келиши мүмкүн эле. Бизге да кеңешүүгө убакыт керек болчу.Жекече жооп кайтарыш керекпи же каршылык огу катары чогуу аракеттенүү керекпи? Кеңешменин жыйынтыгында Израилге жекече жооп кайтарууну чечтик. Каршылык көрсөтүү огуна кирген башка тараптардын ар бири качан өч алаарын өзү чечет», - деди.

Насралла жооп кайтарууну кийинкиге калтыруунун дагы бир себеби Газадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берүү болгонун, бирок Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху сүйлөшүүлөр үчүн жаңы шарттарды ортого салганын белгиледи.

Чабуулдун кантип жасалганы тууралуу маалымат берген Насралла: «Биз бутанын Израилдин ичинде жана Тель-Авивге жакын болушун чечтик. Аскердик чалгындоо борборлорун жана Израилдин Аба күчтөрүн бутага алууга кам көрдүк, анткени алар Шүкүрдүн өлтүрүлүшү менен байланышы бар болчу. Кол салуудагы негизги бутабыз Израилдин Глилот аскердик базасы болду.

Учкучсуз учуучу аппараттардын аба мейкиндигине киришин камсыз кылуу үчүн Израилдин түндүгүнө жана басып алынган Голан дөңсөөлөрүнө 300 Катюша ракетасын учурдук. Темир куполду алагды кылыш үчүн ушунча ракета жетиштүү болчу»,-деп айтты.

Катюша ракеталарынан кийин учкучсуз учуучу аппараттарды ишке киргизгендерин белгилеген Насралла, биринчи жолу Бека аймагынан учкучсуз учуучу аппараттардын учурулганын жана бул жерден учурулган бардык учкучсуз учуучу аппараттардын белгиленген буталарга жеткенин белгиледи.

Насралла көптөгөн учкучсуз учуучу аппараттардын бутага жеткенин, бирок Израил муну жашырганын айтып: «Израиль стратегиялык ракеталарыбызды зыянсыздандырдык деп калп айтты. Бирок биз «операцияда» баллистикалык ракеталарды колдонгон жокпуз, бирок келечекте же жакынкы келечекте колдонушубуз мүмкүн»,-деди.

Израилдин алсыздыгынан улам жалган айтууга барганын жана өч алуу тууралуу жалганга толгон бир окуяны ойлоп тапканын айткан Насралла: «Бир нече убакыт мурун өрөөндөрдү бардык баллистикалык ракеталардан тазалаганбыз. Бүгүн Израиль бош өрөөндөргө сокку урду. Израилдин Тель-Авивге сокку урууга даяр баллистикалык ракеталарды атып түшүрдүк дегени калп. Учкучсуз учуучу аппараттарды учуруучу платформалар зыянга учураган эмес жана ракета аткычтар да ракеталарын учурушту»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар