Израиль армиясы Газада жер которгон адамдар баш калкалаган мектепти бомбалады
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагеринде түндүктөн келген жарандар баш калкалаган Изз Бин Абдусселам мектебине артиллериялык аткылоо менен кол салды.
Израил армиясынын Газа тилкесинде жер которгон жарандар баш калкалаган мектепке кол салуусунан каза болгондордун жана жаралангандардын болгону билдирилди.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагеринде түндүктөн келген жарандар баш калкалаган Изз Бин Абдусселам мектебине артиллериялык аткылоо менен кол салды.
Кол салууда аялдар жана балдар да болгон көп сандаган киши каза тапканы жана жаралангандар болгону белгиленди.
Израилдик артиллерия Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Бурайж качкындар лагеринин түндүгүнө катуу чабуулдарды жасады.
Израиль армиясына таандык тик учактар да Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Белах шаарынын чыгышындагы Салахаддин көчөсүндө жайгашкан Аль-Ауде фабрикасынын айланасын катуу аткылады.
Оорукана булактары Израилдин Рафах шаарына кол салуусунан кийин урандылардын астында калган 3 кишинин сөөгүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнустагы Европа ооруканасына жеткирилгенин билдирди.
Израиль армиясы түнү бою Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарынын батышындагы кээ бир жерлерди жана имараттарды жардыргыч заттар менен жардырды.
Тектеш кабарлар
ЕБден Ливанга гуманитардык жардам
Евробиримдик Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасады.
Газадагы кыргын уланып жатат
Израилдин Газага 363 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.