Украина Кавказ портунда поезд паромуна кол салды
Социалдык медиада Украинанын, паромду Нептун канаттуу ракетасы менен аткандыгы айтылды.
2178828

Украина, Орусиянын Краснодар аймагындагы Кавказ портунда күйүүчү май цистерналары жүктөлгөн поездди ташыган паромго кол салды.
Краснодардын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салууга байланыштуу социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүдө, Украинанын Краснодар аймагында «террордук кол салууга» аракет кылганы белгиленди.
Кавказ портунда күйүүчү май бактары жүктөлгөн поездди ташыган паромго кол салуу жасалганы кабарланган билдирүүдө: «Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар жана атайын кызматтар иштеп жатат» делди.
Социалдык медиада Украинанын, паромду Нептун канаттуу ракетасы менен аткандыгы айтылды.