Түркиянын 5-муундагы аскердик учагы КААН кытай басма сөзүндө

Кытай армиясынын гезити, КААН тууралуу толук беттик макала жарыялады.

2179127
Түркиянын 5-муундагы аскердик учагы КААН кытай басма сөзүндө

Түрк коргоо өнөр жайынын сыймыгы 5-муундагы согуштук учагы КААН атын чыгарууну улантууда...

Кытай армиясынын гезити, КААН тууралуу толук беттик макала жарыялады.

«Түркиянын 5-муундагы учагы КААНдын изилдөө-өнүктрүү иштеринин башталышы жана аягы» деген макалада, Түркиянын улуттук согуштук учагынын иштелип чыгуу процессине кеңири орун берилди.

Макалада Түркиянын коргоо өнөр жайынын тышка көз карандылыгы 2002-жылы 80 пайыз болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 20 пайызга азайганы баса белгиленип, КААНдын бешинчи муундагы согуштук учактын бардык өзгөчөлүктөрүнө ээ экени маалымдалды.

КААНдын супер маневрине, үндөн ылдам учуусуна, радардык көрүнбөстүк жана супер аныктоо мүмкүнчүлүктөрүнө токтолгон макалада, президент Режеп Таййип Эрдогандын «Түркия 5-муундагы согуштук учакты чыгарууда дагы бир маанилүү босогодон өттү» деген сөзү да орун алды.

Макалада, «Дүйнөнүн 5-муундагы согуштук учак клубуна кирген саналуу өлкөлөрдүн бири болуу түрк элин кубандырат»,-деп айтылды. 



Тектеш кабарлар