Харрис президент болуп шайлана турган болсо Украинаны колдойт
Харрис : «Мен президент катары Украинанын жана НАТОдогу өнөктөштөрүбүздүн тарабында болом" ,- деди.
АКШнын вице - президенти жана Демократ партиясынын президентикке талапкери Камала Харрис шайлана турган болсо Украинаны колдоону уланта тургандыгын айтты. Ассошиэйтед Пресс Харристин Демократ партиясынын Улуттук конгрессинде Чикагодо сүйлөгөн сөзүн жарыялады.
Харрис : «Мен президент катары Украинанын жана НАТОдогу өнөктөштөрүбүздүн тарабында болом" ,- деди.
Харрис өзгөчө Киевди орус кол салулуарынан беш күн мурда согуштун баштала тууралуу эскерткендигин жана АКШнын дипломатиялык жооп кайтаруу даярдыгына кошулгандыгын айтты.
Харристен айырмаланып, Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп Украинага колдоо көрсөтүүнү чектөө керектигин бир нече жолу айткан. Трамп август айында жасаган билдирүүсүндө Украина согушунун башталышынын негизги себептеринин бири Жо Байдендин Киевдин НАТОго кошулушу мүмкүн деген сөздөрү болгонун айтты.
Трамптын айтымында, өзү президенттиктен кеткенден кийин орус башкаруусу Украинанын чек арасына активдүү түрдө аскерлерин топтой баштаган. Трамп Россиянын муну сүйлөшүүлөрдөгү колун бекемдөө үчүн жасады деп ойлойт. Трамп ошондой эле Байдендин Украинанын НАТОго кошулушу тууралуу "акылсыз сөздөрдү" айта баштаганын, мунун да кырдаалды курчутканын белгиледи.