Бангладеште сел жүрдү
Бангладештин түштүк - чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдан жана ташкындаган дарыялардан улам сел жүрүп бир адам каза болуп, 3 миллион киши жабыркады.
2178769
Бангладештин түштүк - чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдан жана ташкындаган дарыялардан улам сел жүрүп бир адам каза болуп, 3 миллион киши жабыркады.
The Daily Star гезитинин маалыматына караганда 8 аймакта мурунку күндөн бери катуу жааган жамгыр таасирдүү болду.
3 миллион киши селге кабылып, кош бойлуу бир аялды сел суулары агызып, каза болгону жарыяланды.
Фени жана Ноахали селден эң көп жабыркаган аймактар катары катталып, кээ бир аймактарда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурагандыгы белгиленди.
Жергиликтүү тургундар мындай нөшөрлөгөн жаандын 1988 - жылдан бери боло электигин жана "акыркы 37 жылдагы эң катуу сел кырсыгы болгонун" айтышты.