Путин:«Өлкөлөрүбүздүн ортосунда ири масштабдуу пландар, экономикалык долбоорлор бар»
Владимир Путин өлкөсүнө келген Кытайдын премьер-министри Ли Цян менен борбор шаар Москвадагы Кремль сарайында жолугушту.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кытай менен соода карым-катнаштарын ылдам өнүктүрүшкөндөрүн белгилеп: «Өлкөлөрүбүздүн ортосунда көп жылдарга созула турган чоң масштабдуу биргелешкен пландар, экономикалык жана гуманитардык долбоорлор бар»,-деди.
Владимир Путин өлкөсүнө келген Кытайдын премьер-министри Ли Цян менен борбор шаар Москвадагы Кремль сарайында жолугушту.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Пекиндеги жолугушуусунан кийин жетишилген келишимдерде жылыш болгонун түшүндүргөн Путин, Си Цзиньпиндин быйыл Казанда боло турган БРИКС саммитине катышуусун күткөнүн айтты.
Линин Москвага болгон сапарында көптөгөн келишимдерге кол коюлганына көңүл бурган Путин: «Силерди көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Кытайлык кесиптештерибиздин салымдары менен соода карым-катнашыбыз ийгиликтүү өнүгүп, жылыштар болуп жатат. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда көп жылдарга созула турган ири масштабдуу биргелешкен пландар, экономикалык жана гуманитардык долбоорлор бар»,-деп айтты.
Ли Орусиянын Путиндин жетекчилигинде 12 жылда ырааттуу экономикалык өсүү көрсөткөнүнө көңүл буруп, орус экономикасынын быйылкы жылдын биринчи жарымында 4,7 пайыз өскөнүн айтты.
Орусия менен Кытайдын ортосундагы карым-катнаштардын «мурда болбогон» деңгээлге жеткенин баса белгилеген Ли: «Сиз менен жетишилген келишимдерди эң жогорку деңгээлде ишке ашырууга жана бул кызматташтыкты тынымсыз кеңейтүүгө даярбыз»,-деди.
Ли Москва сапарынын алкагында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен да жолугушуп, Орусия-Кытай өкмөт башчыларынын 29-жыйынына катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда энергетика, логистика, бажы, билим берүү жана химия сыяктуу тармактарда айрым келишимдерге кол коюлду.
Орусия менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык жана экономикалык мамилелер өзгөчө Украинадагы согуш башталгандан кийин (2022-жылдын февраль айында) алдыңкы планга чыкты. Эки өлкөнүн соода көлөмү өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 26,3 пайызга өсүп, 240,1 миллиард долларга жетти.