Индия жана Бангладеште сел жүрдү
Индия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Трипура штатында муссон жамгырлары себеп болгон суу ташкындарынын жана жер көчкүлөрдүн натыйжасында 11 адам каза болду.
Индия менен Бангладеште муссон жамгырлары себеп болгон селден алгачкы эсептерге караганда 15 киши каза болуп, миңдеген киши жабыркады.
Индия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Трипура штатында муссон жамгырлары себеп болгон суу ташкындарынын жана жер көчкүлөрдүн натыйжасында 11 адам каза болду.
Индиянын метеорологиялык департаменти миңдеген адам үйлөрүнөн ажыраган Трипура шаарында "кызыл" эскертүү жарыялады.
Көптөгөн аймактар, анын ичинде Трипуранын борбору Агартала суу астында калып, билим берүү 2 күнгө токтотулду.
Жетекчилер штат боюнча ачылган 300дөн ашуун жардам лагерлерине миңдеген кишинин жеткирилгенин жарыялады.
Трипуранын премьер - министри Маник Саха : "Кырдаалга кылдат байкоо салып, үй-жайын таштап кеткендерге жардам көрсөтүүгө көңүл буруп жатабыз», - деди.
Трипура шаарына коңшу Бангладеште селден 4 адам каза болду.
Бангладештин чыгышындагы көптөгөн аймактар кыйрап, "Комилла, Фени жана Ноахали" суу ташкынынан эң көп жабыр тарткан аймактар болду. Сөзү болуп жаткан аймактарда электр жарыгы өчүрүлүп, жол байланыштары да үзүлдү.
Бир тараптан борбор Дакка менен түштүк - чыгыштагы Чаттограм порт шаарынын ортосундагы негизги жолдун бир бөлүгү суу астында калгандыктан транспорт үзгүлтүккө учурады.
Издөө - куткаруу иштерине катышкан ыктыярчылар чөнтөк телефондору аркылуу жабыркагандар менен байланыша албай жатышкандарын айтышты.
Тектеш кабарлар
Газага жардам фуралары кирүүнү улантууда
808 гуманитардык материалдарды ташыган унаалар кечээ Газа тилкесине кирди.