Европадагы М чечек вирусу тууралуу кырдаал

Европанын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө  борборунун (ECDC) онлайн уюштурган семинарда М чечек вирусунун Европадагы жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

2178458
Европадагы М чечек вирусу тууралуу кырдаал
kongo m cicegi mpox salgini.jpg

 

Европадагы М чечек вирусу тууралуу кырдаал

 

Европанын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө  борбору (ECDC) Европада М чечек вирусунун коркунучу төмөн экенин, бирок Швецияда көрүнгөндөй, «импорттук учурлар» кездешүүсү мүмкүн экенин билдирди.

ECDC онлайн уюштурган семинарда М чечек вирусунун Европадагы жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

ECDC эксперти Орландо Сенсиареллинин айтымында, учурда Европа калкы үчүн жалпы коркунуч «өтө төмөн ыктымал» жана «өтө төмөн таасир» деп бааланган.

Оорулар менен байланышта болгон адамдарда коркунуч жогору экенин, бирок оорунун төмөн ылдамдыкта жайыла турганын баса белгилеген Сенсиарелли, эгер башка бир негизги оорусу бар жана иммунитети төмөн адамдар гана жукса, ооруну «орто жана/же жогорку» деңгээлде өткөрө турганын белгиледи.

Европадагы жалгыз учурдун 15-августта Швецияда табылганын эске салган Сенсиарелли : «Импорттолгон учурлардын дагы көп көрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан Европа өлкөлөрүнүн мындай импорттук учурларды кароого даяр болушу жана экинчи кишиге жугуунун алдын алуулары маанилүү»,-деди.

Орландо Сенсиарелли вакцина инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу бар, катуу оорусу бар, жуктуруп алуу мүмкүн болгон аймактарга барган жана жеке тобокелдикти баалоого негизделген адамдарга гана сунушталышы керектигин айтты.

Семинарга катышкан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Европа өкүлү Марк-Ален Уиддоусон 2022-жылдын жайында Европада жалпысынан 27 миң учур кездешкенин жана 10 өлүм катталганын эске салды.

Уиддоусон континенттин өзүн вирустан коргой аларына ишенерин айтты.

 

М чечек вирусу

 

М чечек вирусу чычкан жана тайын чычкан сыяктуу кемирүүчүлөрдөн же оорулуу адамдардан жугат. Вирустан улам пайда болгон денедеги исиркектерге тийүү, бул исиркектер менен булганган кийимдерди, шейшептерди, сүлгүлөрдү жана ушул сыяктуу нерселерди колдонуу жана дене суюктугуна тийүү инфекциянын эң маанилүү себептеринин бири.

Биринчи симптомдор вирус жуккандан кийин 5-21 күндүн ичинде пайда болушу мүмкүн. Вирус көбүнчө жогорку температураны, башты, белди жана булчуңдарды оорутууну, лимфа бездерин шишип, чарчоону, чыйрыгууну, титирөөнү жана суу чечекке окшош териде ыйлаакчаларды пайда кылат.

Конкреттүү дарылоо ыкмасы жок оору менен вируска каршы дарылар менен күрөш жүрүүдө. Көпчүлүк учурларда оорунун жеңил түрү бар жана бир нече жуманын ичинде айыгат.

ДССУ расизм жана дискриминациядан улам 2022-жылы «маймыл чечек» аталышын «мпокс» деп өзгөрткөн.

Африка континентинин чыгышында жана түштүгүндө 10 жылдан ашык убакыттан бери таасирин тийгизип келе жаткан эпидемиялык ооруну пайда кылган вирустун жаңы штаммынын (клас 1б) тездик менен жайылышына байланыштуу 14-августта ДССУ инфекцияны «коомдук ден-соолук үчүн эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал» деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар