Кытай 11 жаңы өзөктүк энергия реакторун курат

11 жаңы реактор үчүн болжол менен 220 миллиард юандын (30,85 миллиард доллар) сарпталары эсептелүүдө.

2177786
Кытай  11 жаңы өзөктүк энергия реакторун курат

Кытайдын 5 башка аймагында 11 жаңы өзөктүк энергия реакторунун курулушуна уруксат берилди.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, өлкөдө министрлер кабинетинин милдетин аткарган Мамлекеттик кеңеш мурунку күнү өткөргөн жыйында түндүктө Шандун, чыгышта Цзянсу жана Цзян, Гуандун провинциялары жана Гуанси Жуанг автономиялуу районуна жаңы өзөктүк реакторлорду куруу чечимин чыгарды.

11 жаңы реактор үчүн болжол менен 220 миллиард юандын (30,85 миллиард доллар) сарпталары эсептелүүдө. 

Мамлекетке таандык  Кытай жалпы өзөктүк энергетика корпорациясы (CNGP) 6, Кытайдын Улуттук өзөктүк энергетика корпорациясы (CNNC) 3 жана Мамлекеттик энергетикалык инвестициялык корпорациясы (SPIC) 2 реактордун курулушун ишке ашырат.

Кытай 2022 жана 2023 - жылдары да 10 жаңы реактордун курулушуна уруксат берген.

Учурда 55 активдүү өзөктүк реакторго ээ Кытай АКШ  жана Франциядан кийинки эң көп реактору бар өлкө.

Кытай долбоор же курулуп жаткан 36 реакторду кошуу менен 2030 - жылга чейин өзөктүк энергия боюнча дүйнөлүк лидер болууну максат кылууда.

 

 



Тектеш кабарлар