Кеме кырсыгы: 20 адам каза болду

Жетекчилер, болжол менен 300 кишини ташып баратып оодарылып кеткен кемедеги 46 кишинин куткарылганын жана көптөгөн кишинин дайынсыз жоголгондугун кабарлашты.

2178256
Кеме кырсыгы: 20 адам каза болду

Конго Демократиялык Республикасында (КДР) болжол менен 300 кишини ташыган кеменин оодарылышынан 20 адам каза болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, өлкөнүн батышындагы Лукение дарыясында бир кеменин оодарылып кетишинен кийинки издөө-куткаруу иштери учурунда 20 кишинин жансыз денеси табылды.

Жетекчилер, болжол менен 300 кишини ташып баратып оодарылып кеткен кемедеги 46 кишинин куткарылганын жана көптөгөн кишинин дайынсыз жоголгондугун кабарлашты.

Конгодо июнь айында да кеме чөгүп, 21и бала 86 адам каза болгон.


Этикеткалар: #Лукение дарыясында

Тектеш кабарлар