Иранда автобус кырсыкка учурады

Кырсыкта 28 киши каза болуп,  23 киши жаракат алды.

2177834
Иранда автобус кырсыкка учурады

Иранда пакистандыктарды ташыган автобустун оодарылышы менен  28 киши каза болуп,  23 киши жаракат алды.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда пакистандыктарды ташыган бир автобус Йезд аймагындагы Дехшир  -  Тефт авто жолунда оодарылды. 

Кырсыктын автобустун тормоз системасынын иштебей калышынан улам келип чыккандыгы билдирилди.

Автобустагы  51 пакистандыктын Ирактын Кербела шаарындагы Эрбаин иш  -  чарасына  катышуу үчүн Иранга баргандыгы белгиленди.

Азырети Мухаммеддин небереси Азырети Хүсейин менен коштоосундагылардын 680 - жылы  10 -  октябрда Кербела шаарында шейит болушу жыл сайын "Ашура күнүндө" эскерилүүдө. Ашура күнүнөн  40 күндөн кийин өткөрүлгөн эскерүү иш  -  чаралары "Эрбаин" (Кыркынчы күн)  деп аталат. Бул жылы Эрбаин иш - чаралары 25 - августта өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар