ДСС Судандагы кагылышуулар тууралуу маалымат берди
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус жарандык согуш жүрүп жаткан Суданда күчөгөн кагылышуулардын саламаттык сактоо системасын талкалаганын айтты
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус жарандык согуш жүрүп жаткан Суданда күчөгөн кагылышуулардын саламаттык сактоо системасын талкалаганын айтты.
Гебрейюс Судандагы саламаттыкты сактоо маселелери тууралуу маалымат берди.
Өлкөдө күчөгөн кагылышуулардын саламаттыкты сактоо системасын талкалаганына көңүл бурган Гебрейюс : "14,7 миллион адамдын өмүрүн сактап кала турган саламаттык сактоо кызматтарына муктаж. Коопсуз жана чексиз жеткиликтүүлүктүн жоктугу дары-дармек жана каражаттардын жеткирилишине тоскоол болуп, жарандар менен медицина кызматкерлерине коркунуч жаратууда",- деди.
Гебрейесус Судандагы гуманитардык жардамдар жана колдоо үчүн каржылык боштук бар экенин баса белгилеп, 4,9 миллион кишиге жардам берүү үчүн суралган 178,6 миллион доллардын жарымынан азы ДССУ жана саламаттыкты сактоо өнөктөштөрү үчүн каржыланганы тууралуу маалыматты бөлүштү.
Судандагы адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш түрдө дагы көп колдоо көрсөтүүгө чакырган Гебрейесус : «Сураныч, дароо жардам кылгыла»,- деди.
Өлкөдө 30 жылга созулган Өмер ел Бешир бийлигинин 2019 - жылы элдик көтөрүлүш менен кулатылышынан кийин жарандардын катышуусу менен түзүлгөн өкмөткө каршы биргелеше сокку урган армия менен Ылдам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы күч күрөшү 16 айдан бери улантылууда.