АКШда Палестина колдоочуларына полиция кийлигишти
Чикагодо дүйшөмбү күнү башталган Демократ партиясынын конгрессинде АКШнын Израилге карата колдоосун токтотууну талап кылган топтордун митингдери улантылууда.
АКШда Демократ партиясы конгресс өткөргөн Чикаго шаарында Газадагы кыргындарга каршылык көрсөтүү үчүн Израиль консулдугунун алдында чогулган топко полиция кийлигишти.
Чикагодо дүйшөмбү күнү башталган Демократ партиясынын конгрессинде АКШнын Израилге карата колдоосун токтотууну талап кылган топтордун митингдери улантылууда.
Дүйшөмбү күнү болгон жүрүштөн кийин шейшемби күнү кечки сааттарда Чикагодогу Израиль консулдугунун алдында чогулган жүздөгөн митингчи Газада чукул түрдө ок атышпоо жана АКШнын Израилге аскердик жардамдарды токтотуу талабы менен митинг уюштурулду.
Полиция кеңири коопсуздук чараларын көрүп, митингчилердин жүрүшүнө уруксат бербеген нааразычылык акциялары улантылып, айрым митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты.
Кийинчерээк полиция митингчилерге катуу кийлигишип, көптөгөн митингчилерди жерде сүйрөгөн полиция көптөгөн митингчини жана үч басма сөз кызматкерин камакка алды.
Полиция митингчилерге катуу кийлигишкен учурлар камерага түшүп, бул көрүнүштөр социалдык медиада кенен тарады.
Тектеш кабарлар
Непалда орусиялык 5 альпинист каза болду
5 орус альпинистинин 6-октябрдан бери дайынсыз жоголгондугу айтылган.