ДССУ: "M чечек вирусуна байланыштуу кооптонуунун кереги жок"

ДССУнун басма сөз катчысы Маргарет Харрис M чечек вирусуна байланыштуу билдирүү жасады.

2177598
ДССУ: "M чечек вирусуна байланыштуу кооптонуунун кереги жок"

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO) M чечек (mpox) вирусунан улам бөгөт коюунун зарылдыгы жок деп жарыялады.

ДССУнун басма сөз катчысы Маргарет Харрис M чечек вирусуна байланыштуу билдирүү жасады.

Вирустун тездик менен жайылышынын дүйнөдө актуалдуу темага айланганын белгилеген Харрис, ооруга чалдыккандардын терисинде исиркектер пайда болгонун, башка инфекцияларды жуктуруп алуунун алдын алуу үчүн адамдардын дарыланышы керектигин айтты.

M чечек вирусун жуктургандардын дене табы көтөрүлө турганын эске салган Харрис, антипиретикалык жана ооруну басаңдатуучу дарыларга муктаж болоорун, бул процессте бейтаптардын дарылануусунун жана өзүн изоляциялоонун абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Чечекке каршы иштелип чыккан вакциналардын М чечекке каршы таасирдүү болгонун айткан Харрис: «Эпидемиядан улам бөгөт коюуга муктаждык жок»,-деди.

М чечек оорусуна байланыштуу адамдардын "жаңы Ковид-19 сыяктуу процесс башталышы мүмкүнбү?" деп тынчсызданганын белгилеген Харрис: «Адамдардын Covid-19 сыяктуу абалга туш болуп жатабыз деп кооптонуунун кереги жок. Бул такыр башка вирус, башкача тарайт. Ковид-19 аба аркылуу жугат. М чечек болсо абдан жакын физикалык байланыш аркылуу жайылат»,-деди.



Тектеш кабарлар